6-класстар арасында өткөрүлгөн АКМО олимпиадасыныны облустук турунда 6б-классынын гимназисти Нурланбекова Сайкал байгелүү орунга жетишип, Республикалык турга жолдомо алды. Ал эми Сулайманов Нурислам, Файзулаева Нафиса, Момунов Элдос АКМО олимпиадасында эң активдүү катышкандыгы үчүн ГРАМОТА менен сыйланышты. Окуучуларды АКМО олимпиадасына даярдаган математика мугалими Айтемирова Бууниса Рахматиллаевнага чоң ыраазычылык билдиребиз.
Жаңылыктар
АКМО олимпадасы
Мектеп -гимназиясынын окуучуларынын менталдык арифметикасында жетишкен ийгиликтери
Өзбекистан Республикасынын Фергана шаарында өткөрүлгөн Эл аралык олимпиадада мектеп-гимназиясынын 2б-3бклассынын окуучулары ийгиликке жетишишти. 450 окуучу катышкан менталдык арифметика олимпиадасында Камалидинов Нуртилек жана Камалидинов Нуржан 3-орунду ээлешти. Ал эми супер чемпиондук мелдеште Камалидинов Нуртилек 2-орунду ээлеп Диплом жана 350000 сум утуп алды. Класс жетекчилери Д.Абдурупова, К.Ахматова жана окуучулардын ата-энелерине ыраазычылык билдиребиз.
1
Ар жыл сайын Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырыла турган 75 критерий боюнча отчёт
№9 мектеп -гимназиясында физикалык жана психологиялык чөйрө
Программалык аккредитациялоо үчүн тастыктоочу база
Институционалдык аккредитациялоо үчүн тастыктоочу база
Окуучуларга терең билим берүүдөгү ийгиликтер
№9 мектеп -гимназиясынын математика мугалими Айтемирова Бууниса Рахматиллаевна жана кыргыз тили мугалими Шералиева Дилара Маккамбаевна 2019/2020-окуу жылындагы предметтик олимпиадада окуучулары Республикалык баскычта байгелүү I-II- орундарды ээлегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим минстри Каныбек Исаковдун ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТЫ менен сыйланды.
13
23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү
9-10-класстар арасында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата өткөрүлгөн сынакта 10а-класстын уул балдары жеңишке жетишти. Сынактын уюштуруучусу мектеп -гимназиясынын соц.педагогу Б.К.Досов.
6
"Эң көп билген окурман" китеп окуу сынагы
8-9-10-класстар арасында өткөрүлгөн "Эң көп билген окурман" китеп окуу сынагында 10-класстын гимназисти Нажимидинов Талгат "Эң көп билген окурман" номинациясынын ээси. Сынактын уюштуруучусу мектеп -гимназиясынын китепканачысы Г.М. Каракулова
7
Изденүүдөн ийгилик жаралат.
Саматова Кызжибек математика предмети боюнча Республикалык олимпиадада I-орундун ээси даярдаган мугалими Б.Р.Айтемирова. Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча Республикалык олимпада II- орундун ээси даярдаган мугалими Д.М.Шералиева.
Инсан таануу сабагынан
Атанын уулу болуш урмат,
Элдин уулу болуш кымбат - деген темада Мамаюсуф Туйгунович менен инсан таануу сабагы болду.
КРББжана ИМ К. Исаков №9 мектеп -гимназиясында конокто
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков №9 мектеп -гимназиясына келип, мектеп -гимназиясынын жетишкен ийгиликтери жана окуу процесси менен таанышты.
4
"Манас таануу" интеллектуалдык таймашы
"Манас таануу" интеллектуалдык таймашынла 8-класстын окуучулары байгелүү 1-орунду камсыз кылды.
СШБББнүн башчысы А.Ж.Исманов менен жолугушуу
Облусттук олимпиаданын катышуучу окуучулары, ата-энелери жана мугалимдер менен СШБББнүн башчысы А.Ж.Исманов, СШБББнүн башкы адиси Н.М.Джапарова менен жолугушуу болуп өттү.
Жаш шахматчылар ийрими
- 21
Шахмат федерациясынан №9 мектеп -гимназиясына шахматттык магниттик доска, шахматтык саат жана шахматтар берилди.
"Келгиле, окуйбуз!" долбоору башталгыч класстарда
- 104
20-24-январь башталгыч класстын мугалимдери "Келгиле, окуйбуз!" долбоорунун негизинде ачык сабактар жумалыгын уюштуруп, ар бир башталгыч класстын мугалимдери долбоордун көнүгүүлөрүн пайдаланып ачык сабактарды өтүштү.
"Билим- кылым мурасы" аттуу Республикалык конкурс
- 20
"ЭлТР" Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын "Илим жана билим" каналы мектеп окуучуларынын "Билим-кылым мурасы" аттуу Республикалык телесынагына 11-класстын окуучулары барып активдүү катышып келишти.
Бий ийриминин жетекчиси Акботоева Уулжан эжекейдин жаңы жылдык отчёттук концерти
- 34
Бул жаңы жылдык концертке 1-7-класстын окуучулары катышты. Концерт абдан жакшы өттү. Акботоева Уулжан эжекейдин ишине ийгиликтерди каалайбыз.
Дженалиев Төрөбай Маннановичти эскерүү кечеси
- 16
Орус тили мугалими Дженалиев Т.М. көп жылдар бою №9 мектеп -гимназияда эмгектенген. Гимназиянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон, тажрыйбалуу жетекчи, адамгерчилиги бийик агайды үй-бүлөсү, бирге иштеген кесиптештери жана окуучулар эскеришип, жыйынтыгында шаардык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө стипендиялар үй-бүлөсү тарабынан тапшырылды.
Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Саттарова Чынара Осмоновна менен жолугушуу
- 6
Н.Кушматов атындагы №9 мектеп -гимназиясына Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Саттарова Чынара Осмоновна мектеп-гимназиянын окуучуларына "Ийгиликке жетүүнүн сырлары" аттуу семинар өтүп берди. Семинар өтө жемиштүү болуп, окуучуларыбыз эң пайдалуу кеңештерди алып, ийгиликке жетүү жолдорун билишти