Жаңылыктар

          • "Жыл мугалими -2019"

          • 2018/2019-окуу жылы "Жыл мугалими -2019" кароо сынагынын шаардык турунун жеңүүчүсү  жана областтык турунун 2-орундун ээси  Муртазали кызы Айсырга.

          • Республикалык олимпиадада

          • 2018/2019-окуу жылынын 30-31-март күндөрү Республикалык олимпиада болуп өттү. Республикалык олимпиадага мектеп-гимназиясынан 2 окуучу катышты. Алар: Эркинова Айзада жана Саматова Кызжибек. Республикалык олимпиаданын жыйынтыгында математика предметинен Саматова Кызжибек 2-орунду камсыз кылды, математика предметинен Республикалык олимпиадага даярдаган мугалими Айтемирова Бүүниса эжекей. Тарых предметинен Эркинова Айзада 6- орунду камсыз кылды, тарых предметинен Республикалык олимпиадага даярдаган мугалими Мовлянова Гулжан. Бул эки эжекейдин түйшүктүү ишине ийгиликтерди кааалайбыз деп мектеп -гимназиясынын жалпы жамааты.

          • Областтык олимпиадада

          • 2018/2019-окуу жылынын 11-февралдан 13-февралга чейин  областтык олимпиадага  Н.Кушматов атындагы №9 мектеп -гимназиясынан 10 окуучу барып катышты. Жыйынтыгында тарых предметинен Эркинова Айзада 1-орун, математика предметинен Саматова Кызжибек 1-орун, кыргыз тили жана кыргыз адабияты предметинен Калмурзаева Бактыгүл  5-орун, Абдигапарова Канайым         6-орун,  Халжигитова Нургул 6-орун, Сайпиев Бекболот 6-орун, ал эми  Тойчубаева Жакут, Турдыбаев Нурболот, Хасанбаева Мээрим, Сабирова Айзирек  барып активдүү катышып келишти.

          • Шерматова Бегай 7 "а"-класс

          • 7 "а"-классынын гимназисти  Шерматова Бегай Роза Айтматованын "Тарыхтын актай барактары" деген китептин конкурсуна катышып 2-орунду ээлеп  Ч.Айтматовдун 10  томдук китеби  жана грамота менен сыйланды.

          • 8-март аялдардын Эл аралык күнү

          • 6-март күнү мектеп -гимназиясында 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата "Гүл өссө жердин көркү, кыз өссө үйдүн көркү" деген темада 7-8-9-10-класстын  кыздар  арсында конкурс болуп өттү. Бул конкурсту уюштурган мугалим кыздар кеңешинин төрайымы Джурабаева Г. жана мектептин уюштуруучусу Абдурахманова  Б.

          • Мектеп директору Кыргыз Туусу гезитинин коногу болду

          • №9 мектеп -гимназиясынын директору Рустамова Базаргүл Саттаровна  5-март 2019-жылы Бишкек шаарындагы болуп өткөн "Кыргыз Туусу" гезитинин "Кыргыздын кыраан кыздарын" аныктоо жана аларга атайын диплом тапшыруу аземине катышып, "Кыргыз Туусу" гезитинин атайын диплому жана "Кыргыздын кыраан кызы" наамына ээ болду. Эжекени сыйлыгы менен мектеп -гимназиясынын жалпы жамааты жана ата-энелер комитети куттуктап, түйшүктүү ишинде ийгиликтер коштоп жүрүүсүн каалайбыз.

          • Ментальная арифметика боюнча ийгиликтер

          • 3-класстын гимназисти Шерматов Амангелди Сүлүктү шаарында уюштурулган ментальная арифметика боюнча Ош, Жалал -Абад,Баткен областар арасында уюштурулган менталдык арифметиканын олимпиадасында "Супер чемпион" наамын алып, медаль, кубок жана грамоталар менен сыйланды.

          • 2-март АКМО олимпиадасы болуп өттү

          • 2019-жылдын 2-март күнү №1 орто мектепте 6-класстар арасында АКМО олимпиадасы болуп өттү. Бул олимпиадага мектеп -гимназиясынын 7 окуучусу катышты. Алар:Тургунбаев Нурислам, Акылбекова Айгерим, Абжалилова Айпери, Мухтаров Мирлан, Рахимов Нурмухамед, Айдаралиева Максатай, Саматова Мадина. Окуучуларыбыз 1-турдан байгелүү орундарды ээлеп,  областтык туруна жолдомо алышты. Окуучуларды АКМО олимпиадасына даярдаган математика  мугалими Айтемирова Бүүниса эжекей.

          • "Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!"

          • 28-февраль күнү №2 тех.лицейде өткөрүлгөн "Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!" деген аттуу кароо сынактан мектеп-гимназиясынан 9 окуучу катышып, 4 окууучу областка жолдомо алды.Алар: вокал боюнча 10-класстын гимназисти Мухтар к Гулниза 1-орун, вокал боюнча 8-классынын гимназисти Муминова Гулбара 1-орун, фольклёр боюнча 6-класстын гимназисти Саматова Мадина 1-орун, фольклёр боюнча 7-класстын гимназисти Хамдамова Бегимай 1-орун. Ал эми калган окуучулар байгелүү 2-3-орундарды камсыз кылышты. Алар: 3-класс Дыканбаев Алихан, 5-класс Матимаров Белек, 8-класс Асылбекова Сезим, 9-класс Байышбекова Нурайым, 6-класс Набиева Мырзайым. Бул окуучуларды даярдаган музыка мугалими Ганыбаева Миргүл жана мектеп -гимназиясынын уюштуруучусу  Абдрахманова Бермет.

          • 14-февраль Эл аралык китеп белекке берүү күнү.

          • 14-февраль Эл аралык китеп белекке берүү күнүнө карата мектеп -гимназияда "Бир жумада бир китеп" акциясы, класстар арасында китеп белекке берүү акциясы өткөрүлдү. Жыйынтыгында мектеп-гимназиясынын китепканачысы Г.Каракулова тарабынан жалпы жыйын уюштурулуп, класстардын китеп текчелерине класс жетекчилер  тарабынан китептер белекке берилди.

          • 23-февраль -Мекен сакчыларынын күнү

          • 23-февраль Мекен сакчылары күнүнө карата мектеп -гимназияда "Жигитке жетимиш өнөр аз" деген темада 7-10-класстарда окуган жигиттер арасында өткөрулгөн сынактан көрүнүштөр. 22.02.2019-жыл

          • Англис тили декадасы

          •  11-февралдан 22-февралга чейин мектеп -гимназиясында "Англис тили Эл аралык баарлашуу тили" деген темада англис тили декадасы болуп өттү. 22.02.2019-жыл

          • Наби Кушматов атындагы №9 мектеп- гиназиясынын сайты ишке кирди

          • "Жоокер -интернационалисттер зор урмат-сыйга жана ардактоого татыктуу" Советтик аскерлердин Афганистерден чыгарылышынын 30 жылдыгына байланыштуу Н.Кушматов атындагы №9 мектеп-гимназиясынын мектеп директору, мугалимдер жамааты жана гимназисттер 1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлерди Афганистандан чыгаруунун аяктаган күнү менен жоокер-интернационалистерди куттукташты. 14.02.2019-жыл 

            13-февраль

        • 2018-2019 окуу жылынын расписаниеси
          • 2018-2019 окуу жылынын расписаниеси

          • Просмотреть или распечатать текущее расписание. Школа еще не опубликовала расписание​​.

            2018-жыл "1-сентябрь Билим күнү"  мектеп директору Б.С.Рустамова 

            Н.Кушматов атындагы №9 мектеп -гимназиясында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Эралиев Исмаил Сарыбаевичтин катышуусу менен өткөрүлгөн "Инсан таануу" сабагы.

            Залкар  жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата мектеп -гимназиясынын китепканачысы Каракулова Г. тарабынан 5-6-7-класстар аралык "Айтматов ааламы биз менен" деген темада конкурс өткөрдү.

        • Замены
          • Замены

          • Просматеть изменения ежедневных замен в вашем расписании. В последние 30 дней школа не публиковала замен.

            Н.Кушматов атындагы №9 мектеп -гимназиясынын директору Б.С.Рустамова Кыргыз Республикасынын "Ардактуу Айымы" төш белгисинин ээси.

        • Учетная запись (аккаунт) пользователя
          • Учетная запись (аккаунт) пользователя

          • Для некоторых частей расписания или замен вам может потребоваться войти в систему. Если вы потеряли свой пароль, воспользуйтесь ссылкой «Я не знаю логин или пароль» и введите свой адрес электронной почты. Если вы еще не получили пароль, подождите, школа предоставит вам его, когда все будет готово.

            Н.Кушматов атындагы №9 мектеп -гимназиясынын "Билимкана" олимпиадасынын Республикалык турунун жеңүүчүлөрү 4-класс Джумагулова Раяна 1-орун, 10-класс Абдигапарова Канайым 2-орун, 11-класс Калмурзаева Бактыгул 2-орун. 

            2019-жылдын 19-январь күнү мектеп -гимназиясында "Келгиле, окуйбуз!" долбоорунун алкагында шаардык деңгээлде семинар болуп өттү.

            Тынчтык демилгелерин колдоо фонду тарабынан Сүлүктү шаарында 10-11-класстар аралык  шаардык Дебат клубда мектеп -гимназиясынын командасы 1-орунду алгандыгы үчүн, мындан ары мектеп-гимназиясында Дебат клубду өнүктүрүү максатында кайтарымсыз берилген бир трибуна, эки дебат өткөрүлүүчү столдор отургучтары менен тапшырылды.

            2018-жылдын 25-октябрь И.Раззаковдун туулган күнүнө карата мектеп-гимназиясында жалпы жыйын жана окуучуларды И.Раззаковдун туулган жери Коросонго саякатка алып барышты. Тарых мугалимдери Карабаева Г. Мовлянова Г.